Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:47

Зеленский АКШнын орус мунайын импорттоого тыюу салууну кубаттады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге орус мунайын импорттоого тыюу салган чечими үчүн ыраазычылык билдирип, бул кадам дүйнөгө таасирдүү белги болот деп эсептерин айтты.

"Жеке өзүмдүн атыман АКШнын президенти Байденге ыраазычылык айтам. Бул анын лидерлик сапаты. Мунайдын импортун тыюу - дүйнөгө күчтүү белги. Себеби Орусияга мунай үчүн берилген ар бир цент ок менен бомбага айланып, көз карандысыз башка өлкөлөргө бүлүк салууда", - деди Зеленский шейшембидеги видео кайрылуусунда.

Зеленский "Орусия эл аралык укукту сыйлап согушту токтотот же согушту улантууга акчасы жок калат", - деп Британиянын орус мунайын импорттого тыюу салган чечими үчүн ыраазычылык айтты.

АКШ 8-марта Орусиядан мунай импорттоону тыярын жарыялаган. Жо Байден бул чечим өз өлкөсү үчүн бир топ чыгымдарга жол ачарын, ошентсе да "эркиндикти сактоо чыгымга татырын" айтты. Ушул эле күнү Британия да орус мунайынан баш тарткан чечим чыгарды.

Орусия 24-февралда Украинага бастырып кирген. Андан бери Украинадагы согуштан жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду. Буга чейин орус бийлиги Украинадагы окуяларды “согуш” деп атоого тыюу салган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG