Кыргызгидромет борбору эртең, 10-мартта бардык аймактарда жаан-чачын болорун кабарлады. Тоолуу райондорго кар түшөт.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,
Талас дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 4...6, күндүз 12...14° градус жылуу болот.