Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Статистика: Кыргызстанда эркек балдар көп төрөлүп жатат


Кыздар азыраак төрөлүүдө.
Кыздар азыраак төрөлүүдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей.

Аялдар эркектерге караганда сегиз жылга көп жашайт. 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө калктын саны 6,8 миллион болду. Анын 50,4% аялдар түзөт. Жылына кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлүүдө.

100 ымыркай кызга 105 эркек бала туура келет. 80 жаштан улуу аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу эки эсеге көп.

2020-жылы Кыргызстандагы аялдардын жашоо узактыгы 76, эркектердики 68 жаш деп эсептелген.

Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен үч же андан көп бала төрөйт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG