Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Башкы прокуратура Өзгөндүн мэрин мыйзамсыз жер берүүгө айыптады


Нодирбек Каримов.
Нодирбек Каримов.

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов мыйзамсыз жер берүүгө айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 9-мартта билдирди.

Маалыматта Каримов 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкесин 22 жаранга берип жибергени аныкталганы айтылат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен прокуратура Каримовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Райондук прокуратура жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган.

Мэр жана анын жакындары тараптан комментарий боло элек.

Нодирбек Каримов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп 2021-жылы июнда шайланган. Бул кызматты 2015-жылдарда да аркалаган.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош облусундагы Кара-Суу жана Талас облусундагы Бакай-Ата райондорунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөн жер тилкелери боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG