Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, PepsiCo Орусиядагы ишин жарым-жартылай токтотту


Coca Cola компаниясына таандык суусундуктар.
Coca Cola компаниясына таандык суусундуктар.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу McDonald's компаниясы Орусиядагы тез тамактануучу 850 ресторандарынын баарын убактылуу жапканын жарыялады. Мекеме түйүндө иштеген 62 миңдей кызматкер маянасын алууну улантып турарын, ишин кайра качан улантары белгисиз экенин кабарлады.

Starbucks компаниясынын жетекчиси Кевин Жонсон өз блогунда Орусиянын Украинага чабуулун айыптап, орус жергесиндеги дүкөндөрүн убактылуу жаба турууну чечкенин жазды.

Бул арада Coca-Cola жана PepsiCo корпорациялары дагы Орусиядагы бизнесин убактылуу токтоткону белгилүү болду. Алар кырдаалды байкап жана баа берип турушарын, калган чечимдер ошондон кийин кабыл алынарын маалымдашты.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүнү Москванын Украинага кол салуусун кескин айыптап катар-катар санкцияларды салган.

Ошондон бери жүздөгөн корпорациялар, компаниялар, фирмалар жана бренддер Орусиядагы бизнестерин токтотконун маалымдашты.

Google, Facebook, Instagram, YouTube сыяктуу социалдык түйүндөр жана онлайн-платформалар орусиялык колдонуучулар үчүн өз сервистерин чектеди. (ErN)

XS
SM
MD
LG