Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Бишкекте Мирлан Ураимовду колдогон акция өтүп жатат


Мирлан Ураимовду колдогон акция.
Мирлан Ураимовду колдогон акция.

Активист Мирлан Ураимовду колдогон акция бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунун алдында өтүп жатат.

Ураимовдун партиялаштары, тарапташтары жана туугандары соттун алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде айыпталууда.

Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган.

18-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында февралда активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өткөн.

Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары анын оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып келет.

Ал 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG