Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

Украина менен Орусия алты гуманитардык коридордо ок атышпоону макулдашты


Украинанын Ирпен шаарынын жашоочуларын эвакуациялоо.
Украинанын Ирпен шаарынын жашоочуларын эвакуациялоо.

Украинанын убактылуу басып алынган аймактарын интеграциялоо боюнча министри, вице-премьер Ирина Верещук 9-мартта жарандарды эвакуациялоо үчүн орус тарап менен алты гуманитардык коридорду макулдашканын кабарлады. Бул тууралуу маалыматты "Кызыл Чырым" эл аралык комитети таратты.

Верещуктун сөзүнө караганда, аскерлер таңкы 9:00дөн кечки 21:00гө чейин ушул жолдордо ок атпай турушу керек. Биринчиси - Энергодардан Запорожьени көздөй, экинчиси Сумыдан Полтава жакка, үчүнчүсү Мариуполдон Запорожьеге, төртүнчүсү - Волновахадан Покровск багытына ачылды. Бешинчиси - Харьков облусундагы Изюм аймагынан Лозовая аймагына, алтынчысы Киев облусунун Ворзел, Буча, Бородянка, Ирпень, Гостомел шаарларынан Стоянка, Белогород шаарчалары аркылуу Киевди көздөй кетет.

Мунун алдында эвакуация Сумы менен Ирпень шаарларында ишке ашкан. Ага чейин жарандарды чыгарып кетүү аракеттери үзгүлтүккө учураган. Украин тарап каттамдарды орус тарап аткылаганын билдирсе, Орусия тескерисинче Киевди айыптаган.

Тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну буга чейинки сүйлөшүүлөрдө макулдашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он төрт күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG