Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстанда доллардын наркы 100 сомдон ашты


9-мартта Кыргызстандын коммерциялык банктарында жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 100 сомдон ашты.

Ушул тапта акча алмаштыруучу жайлар, коммерциялык банктар америкалык долларды 98,50 сомдон сатып алып, 101 сом 50 тыйын, 102 сомдон сатууда.

Улуттук банктын расмий курсунда бир доллар 97 сом 69 тыйын болуп турат.

Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учурап, анын кеспетинен кыргыз сомунун куну дагы төмөндөп жатат. Орусиянын Борбордук банкы 9-мартта коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга тыюу салды.

Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 200 миллиондон ашуун долларды каржы базарына чыгарды. Акыркы жолу 4-мартта валюта базарына 55,35 миллион долларды саткан.

XS
SM
MD
LG