Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Украина Орусияны Мариуполдо балдар ооруканасын бомбалады деп айыптады


Мариупол шаары. 8-март 2022-жыл
Мариупол шаары. 8-март 2022-жыл

Украина орус куралдуу күчтөрү Мариуполдогу балдар ооруканасын бомбалады деп айыптады. Шаар кеңеши маалымдагандай, медициналык мекеме талкаланган, бирок каза тапкандардын, жабыркагандардын саны азырынча белгисиз.

«Орусиянын баскынчы күчтөрү балдардын ооруканасына бир нече бомба таштап, эбегейсиз кыйроого алып келди», - деп билдирди кеңеш.

Орусия кол салгандан бери оорукана иштеп жатканбы же жокпу айтыла элек.

Социалдык тармактарга чыккан сүрөттөрдө имараттын таш-талканы чыкканы көрүнүп турат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский урандылардын алдында адамдар калган болушу ыктымалдыгын билдирди жана бомбалоону «жырткычтык» деп атады.

Орусиянын Коргоо министрлиги оорукананы бомбалоо тууралуу маалыматка комментарий берген жок. Москва жарандык объектилерге сокку урбаганын айтып келатат. Ошол эле маалда турак жайлардын, мектептердин кыйраганы тууралуу кабарлар чыгууда. БУУнун соңку маалыматына карагана, Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинада бери дегенде 1424 карапайым киши каза тапты же жарадар болду.

Мариупол бир нече күндөн бери орус аскерлеринин жана өзүн "Донецк элдик жумурият" деп атаган аймактын күчтөрүнүн блокадасында калды. Шаардагы гуманитардык абал өтө оор экени кабарланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG