Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Украинанын айрым шаарларында эвакуация үзгүлтүккө учурады


Ирпень шаарынан эвакуациялангандар. 9-март, 2022-жыл
Ирпень шаарынан эвакуациялангандар. 9-март, 2022-жыл

Украинада орус аскерлеринин аткылоосуна, бомбалоолорго туш болгон, курчоодо калган карапайым элди эвакуациялоо аракети уланууда. 9-мартта эртең менен Орусия жергиликтүү саат 10дон баштап элдин Киев, Чернигов, Сумы, Харьков жана Мариуполдон чыгып кетиши үчүн ок атпоо режимин сактарын билдирген. Бирок расмий маалыматтарга караганда, согуш зонасынан көчүрүү иши айрым жерлерде үзгүлтүккө учурады. Сумы шаарынан гана коопсуз коридор түзүлгөнү тастыкталды. Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо мүмкүн болгон-болбогону белгисиз.

Бир күн мурдараак атышпоо режими бузулуп, эвакуациялоо аракетинен майнап чыккан эмес.

"Кызыл чырым" эл аралык уюму Кара деңиздин боюнда жайгашкан шаардагы абалды “апаат” деп сыпаттоодо.

Ирпень шаарынын тургуну 8-мартта коридор аркылуу чыгууга аракеттенгенде аткылоого туш болгонун, апасы жана дагы бир нече киши окко учканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди. Людмила Куницканын айтымында, алардын машинелеринде “балдар” деген жазуу болгонуна карабай, орус аскерлери ок чыгарган.

БУУнун маалыматына караганда, Орусия Украинага согуш ачкан 24-февралдан бери 2,2 миллион киши чет жактарга качууга аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG