Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Москва Украинада бийликти кулатууну көздөбөй турганын билдирди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифингде билдирди.

Согуштун башында президент Владимир Путин украин аскерлерин төңкөрүш уюштурууга чакырган. Өлкөнүн легитимдүү жетекчилигин ошондо "баңгилердин жана неонацисттерлин уюшкан тобу" деп атаган.

Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы орусиячыл жикчилдерди коргоону, Украинанын "демилитаризациясын" жана "ашынган улутчулдардан арылышын", Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва кол салардан бир күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды "көз каранды эмес мамлекеттер" деп тааныган. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Орусиянын кошуна өлкөнү оккупациялоо же анын мамлекеттүүлүгүн талкалоо планы жок" деп айтты.

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG