Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Парламентте валюта базарындагы абал боюнча маалымат берилет


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш валюта базарындагы абалга байланыштуу Улуттук банктын маалыматын угат. Бул маселе парламенттин 10-марттагы отурумунда көтөрүлдү.

Депутат Айбек Маткеримов: “Улуттук банкты чакыралы. Анткени бүгүн эртең менен доллар 102 сом болуптур. Элден “Канчага өсүп барат? Кандай жумуштар аткарылып жатат?” деген кайрылуулар түшүүдө. Маалымат алсак жакшы болот эле” - деди.

Бул маселени башка депутаттар да айтып чыгышты. Улуттук банктын өкүлдөрү парламентке саат канчага чакырылары тууралуу маалымат кошумча берилери айтылды.

Кыргызстанда акыркы жолу доллардын кымбаттоосу коронавирус пандемиясы башталганда болгон. 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 85 сомго жетип, бул көрсөткүч акыркы убакта туруктуу кармалып турган.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери доллар кайра кымбаттап, бүгүн, 10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 104-105 сом болууда. Улуттук банктын бүгүнкү күнгө карата аныкталган расмий курсу 97,69 сом. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG