Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:47

Бишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдө


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Бүгүн, 13-мартта Бишкекте мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүгө арналган чоң форум өтүп жатат. Кыргызстанда мындай форматта алгачкы жолу уюштурулган иш-чараны School Club билим берүү борбору өткөрүүдө.

Ага 500гө чукул окуучу жана мектепти быйыл аяктап жаткан жаштар чакырылган.

Түрдүү тармактагы тогуз спикер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева, ишкер Бабур Төлбаев жана башка белгилүү адамдар бар.

Уюштуруучулардын айтымында, ар 10 окуучунун сегизи мектепти аяктагандан кийин кайсы багыт боюнча билим аларын билбейт.

Кыргызстанда жыл сайын мектепти 60 миңдей улан-кыз аяктайт. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG