Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүү сунуш кылынууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 11-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

«Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объекттерине аңчылык кылууга мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынса кулжа, аркар, тоо эчки, теке, элик, бугу, марал, доңуз сыяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга 2023-2026-жылдарга тыюу салынат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылгандай, мораторий жарыялоо тууралуу кайрылуу менен депутаттарга бир катар экологиялык уюмдар жана активисттер кайрылган. Алардын кайрылуусунан кийинки териштирүү чет өлкөлүк жана жергиликтүү аңчылардын айынан мамлекеттин көзөмөлүндөгү жаратылыш дүйнөсү корголбой, коомдук көзөмөл жокко эсе болуп, мыйзамдар аткарылбай жатканын, маселе ашкере коммерциялашып кеткенин көрсөткөн.

Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 52 уюм бар, көбү жеке менчик. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берет.

“Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Бирок ошого карабай илбирс, аюу атып, экологдордун колуна түшкөндөр улам катталып турат.

Адистер өлкөдө жапайы аңчылык башаламан жүрүп жатканын, жаныбарлардын айрым түрлөрүн атууга мораторий киргизүү керектигин айтып келишет.

Кыргызстандын тоо-токойлорунда 46 миң баш кайберендин түрү, 3 миңден ашуун каман бар. Мындан тышкары “Кызыл китепке” киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG