Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

"Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасы каралат


Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

Бүгүн, 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту "Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасын карайт. Бул маалыматты "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Жамангулов 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ушул эле күнү кармалганы маалым болгон.

Учурда ага карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Жамангулов кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат кечирээк бериле турганын билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Жамангулов Түштүк Кореядан келген инвесторлордон ири суммада пара алганын алдын ала маалыматтарга таянып жазды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов компанияны 2018-жылдын 24-октябрынан бери башкарып келген. Ал 2021-жылы 16-марттан тартып өз каалоосу менен башкы директорлук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG