Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Польшанын вокзалдары качкындарга толду

Польшанын Украина менен чектеш Перемышл шаары согуштан качкан украиналык качкындарга толгон.

Бириккен Улуттар Уюму Орусия кол салгандан бери Украинадан чет өлкөгө качкан адамдардын саны 2,5 миллионго жеткенин билдирди. Жалпысынан Украинадан Польшанын аймагына 1,5 миллион качкын өттү.

Бул "Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европада орун алган эң жогорку качкындар кризиси", - деп билдирди Бириккен Улуттар Уюму.

Польшанын Украина менен чектеш Перемышл шаарына согуштан качкан украиналык качкындар поезд, автоунаалар менен күн сайын келип түшүүдө. Жолдо жүргөндө кыйналганы үчүнбү айтор вокзалда бөбөктөрдүн ыйы басылбайт.

Бул шаарга келген качкындар Польшанын башка шаарларына жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кете алат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG