Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Украинадагы кыргызстандыктар Стамбул аркылуу эвакуацияланды


Стамбул аэропорту.
Стамбул аэропорту.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдиргендей, Украинада жашаган 100дөн ашык кыргызстандыктар Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылды.

Айрымдарынын тиешелүү документтери жок болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдук тарабынан ар тараптуу ыкчам жардам көрсөтүлгөн.

Украинанын аймагынан чыгып кеткен кыргызстандыктарга Европа өлкөлөрү өз мекенине кайтуу үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" бергенин дүйшөмбүдө Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан Украинада согуш башталгандан тартып 559 жаранын чыгарды. Буга чейин бул аймакта 680 кыргыз жараны консулдук каттоодо турары маалымдалган. Элчилик бул өлкөдө жалпысынан 1350дөй кыргызстандык бар экенин билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келери айтылган. Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырган.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлап жатат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG