Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы бир катар алтын кендерине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Иштамберди кенин иштетип жаткан "Фул Голд Майнинг Компани" жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты. Ишкана жумушчулардын 91% жергиликтүү тургундар экенин билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканадагы технологиялык процесстерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Жапаров "Эти Бакыр Терексай" ишканасына барып, тесттик режимде иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдык сактоочу жайларды көрүп чыкты. Өкмөт башчы ишканада техникалык жана экологиялык ченемдерди сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ушул жылдын биринчи кварталында ишке берилери айтылган.

Аталган кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасына тиешелүү. Анда 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.

Жергиликтүү тургундар бул ишканага каршы утур-утур нааразылыгын билдирип келет. Былтыр декабрь айында эле “Эти Бакыр Терексайдын” айрым жумушчулары жана жергиликтүүлөр "ишкана үч айдоочуну жумуштан негизсиз алды, экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп жол тосушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG