Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясынын мунай объектилерине сокку урду


Сауд Арабиясынын хуситтер буга чейин соккуга алган мунай объектилери.
Сауд Арабиясынын хуситтер буга чейин соккуга алган мунай объектилери.

Иран менен байланышы бар йемендик козголоңчул хуситтер Сауд Арабиясынын суюлтулган газ чыгаруучу, деңиз суусун ичүүчү сууга айлантуучу заводдоруна, мунай объектилерине жана электрстанцияларына ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Сауд Арабиясы баштаган коалиция кабарлады.

20-марттагы чабуулдардан имараттар, автоунаалар жана үйлөр талкаланды. Курмандыктар болгон жок.

Бул соккулар эки тараптын тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелгенин түшүндүрөт. Хуситтердин өкүлү алардын тобу жакын арада Сауд Арабиясына кеңири масштабдагы аскердик операция баштай турганын жарыялады.

Бул чабуулдар Украинага кол салганы үчүн Батыш Орусиянын мунай заттарынан баш тартып жаткан учурда жасалды. Орус мунайынын ордун толтуруу үчүн өндүрүштү көбөйтүү тууралуу Батыштын суранычтарынан Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары баш тартып келген.

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йемендеги кырдаалга кийлигишкен 2015-жылдан бери ал жакка 23 000ден ашык аба соккуларын жасады. Андан кеминде 18 миңдей жайкын тургун каза болгонун өткөн жылы БУУнун эксперттери кабарлашкан.

2015-жылы жергиликтүү шииттер жамааты жана Иран колдойт деген хуситтер Йемендин эл аралык коомчулук тааныган лидери Абд-Раббу Мансур Хадини бийликтен сүрүп чыгарган. Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкөдө ошондон бери согуш басылбай келет. Саудия Хадинин бийлигин калыбына келтирүүнү көздөйт. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG