Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

УКМК жарандарды Сирияга азгырган адамдарды кармады


Шектүүлөрдүн бири.
Шектүүлөрдүн бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы Кыргызстандан жарандарды Сирияга азгырып жүргөн чет элдиктер кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, алар согуштук аракеттерге адамдарды азгырып, Кыргызстан аркылуу аларды Сирияга жиберүүнү көздөшкөн.

Шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо атайын кызматтын диний-экстремисттик жана террордук топтордун ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу аракетинин алкагында жүргөнү кошумчаланган.

Учурда шектүүлөрдүн башка эл аралык террордук уюмдар менен байланышы ар-жогу, алардын шериктерин аныктоо, иликтөө жүрүп жатат.

Бир жума мурун, 13-мартта Сириядагы согуштук аймакка баруу үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик эки адам кармалган. УКМК шектүүлөр Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринин жарандары экенин билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына 2013-2015-жылдары Кыргызстандан 850 киши кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Өзү каалап же азгырык жолу менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны - аялдар.

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге кайтарууга жардам сурап келишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG