Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Украинадагы согуш: Кытай бейтарап позицияда экенин жарыялады


Байден менен Цзинпиндин видео сүйлөшүүсү. 18-март, 2022-жыл.
Байден менен Цзинпиндин видео сүйлөшүүсү. 18-март, 2022-жыл.

Кытай Украинадагы кырдаалда бейтарап позицияда калат жана сырттан басым-кысым кылуу аракеттерине макул эмес. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "Бээжин өзүнүн көз карандысыз көз карашын калыс жана адилеттүү түрдө билдирүүнү уланта берет. Биз эч качан сырттан мажбурлоого жана басмырлоого баш ийген эмеспиз, баш ийбейбиз дагы. Биз ошондой эле Кытайдын дарегине карата негизсиз айыптоолорго каршыбыз" деп билдирген.

Маалыматта ошондой эле Кытайдын лидери Си Цзинпин менен АКШнын президенти Жо Байдендин сүйлөшүүсүндө Кытайдын жол башчысы тынчтыкты гана колдоорун айтканы, "жалпы дүйнөдөгү тынчтыкты кубаттап, согушка каршылыгын" билдиргени жазылган.

Ван И белгилегендей, Си Цзинпин Байденге украин кризисин чечүүнүн эки жолу бардыгын, анын биринчиси - "тараптардын диалогго келип сүйлөшүүсү, согуштук аракеттерди чукулунан токтотуп, жай тургундардын өлүмүн азайтуу, экинчиси - муздак согуш менталитетинен качып, жалпы конфронтацияга барбай, коопсуздуктун тең салмактуу, натыйжалуу жана туруктуу түзүмүн түзүүгө" чакырган.

Тышкы иштер министри украин кризисинде Кытайдын позициясы көпчүлүк өлкөлөр каалагандай, калыс жана адилеттүү экенин белгилеген.

АКШ жана Кытай лидерлеринин Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө 18-мартта сүйлөшкөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG