Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

COVID-19: Отуздан ашык бейтаптын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, Кыргызстанда 20-мартка карата жети адам илдетке чыкканы расмий аныкталды. Алардын бешөө - Бишкекте, экөө - Чүй облусунда катталды.

Илдеттен бир адам каза болду.

Ушуну менен өлкөдө жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 200 809 адамга жетти. Илдеттен 2979 адам көз жумду. 196 миңден ашуун адам сакайып кетти.

Жалпы 178 бейтаптын 87си ооруканада, 91 адам үйлөрүндө дарыланып жатышат. Алардын ичинен 9 адамдын абалы өтө оор, 31 бейтап оор абалда.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG