Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Николаевде казармага урулган соккудан ондогон аскерлер өлгөнү кабарланууда


Николаев шаарындагы снаряд тийген имарат, (18-марттагы казармадагы чабуулга тиешеси жок), 7-март, 2022-жыл.
Николаев шаарындагы снаряд тийген имарат, (18-марттагы казармадагы чабуулга тиешеси жок), 7-март, 2022-жыл.

Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында орус күчтөрүнүн аскердик казарманы бутага алган аба соккуларынан ондогон украин аскерлери мерт болду. Бул тууралуу 19-мартта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана күбөлөр билдиришти.

Орус армиясы чабуул койгон маалда "казармада 200дөй аскер уктап жатканын" "Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги 19-мартта 22 жаштагы украиналык жоокерге шилтеме кылып жазды.

"Кеминде элүүдөй сөөктү алып чыгышты. Уранды алдында дагы канча киши бар экенин билбейбиз", - деп айтып берген өзүн Максим деп тааныштырган жоокер.

Николаев облусунун губернатору Виталий Кимдин сөзүнө караганда, казармага 18-мартта сокку урулган жана куткаруу иштери ишемби күнү да уланды. Ал окуя украин аскерлери уктап жаткан мезгилде болгонун кошумчалады. Бирок казарма так кайсы жерде жайгашканын, канча аскер жабыркаганын айткан жок.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Орусиянын армиясы Украинага басып киргенден бери эки тараптын жоготууларын бышыктоо кыйынчылык менен коштолуп келет.

24 күндүн ичинде Орусиянын армиясы мурдагыдай алдыга жыла албай калганы кабарланганы менен орус күчтөрү Украинанын шаарларын аткылоону жана абадан сокку урууну улантып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG