Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Айдоочулар Орусиянын бажычылары товарды өткөрбөй жатканына даттанууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын бажы кызматкерлери Кыргызстандан барган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүүнү талап кылып жатат. Антпесе автоунааларды Орусиянын аймагына өткөрбөй жатышканын айрым айдоочулар социалдык тармактарга жарыяланган видеолорунда билдиришти.

"Бардыгын түшүртүп жатат. Башка тандоо беришпейт. Же түшүр, же артка кет деп айтып жатышат. Кечти утурлай түшүрүп бүтөбүз. Андан соң инспектор келип, мунун баарын видеого тартат дешти. Мына ушундай, айдоочулар. Жолго чыкпаганыңар жакшы", - деп айткан мындай видеолордун биринин автору.

Анын видеосунан товары түшүрүлгөн фураларды көрүүгө болот. Дагы бир айдоочу өз видеосун 17-мартта "Маштаково" бажы бекетинде тартып жатканын айтып, бажычылар кыргызстандык айдоочуларга гана ушундай мамиле жасап жатканын билдирген.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги товарларды мажбурлап түшүртүү көрүнүшү Казакстан менен Орусиянын Оренбург облусунун чек арасындагы "Маштаково" постунда болуп жатышы мүмкүн экенин билдирип, кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдады.

"17-мартта элчилик тарабынан Кыргызстандан барган жүк жана жүк ташуучуларга карата текшерүү иштеринин күчөтүлүшүнүн жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн Орусиянын тиешелүү органдарына кайрылуу жолдонду", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан менен Орусия Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок адистердин айтымында, Орусия уюмдагы өнөктөштөрүнө карата маал-маалы менен айрым чектөөлөрдү киргизип келет. Буга чейин Россельхознадзор фитосанитардык көзөмөлдүн талаптарына жооп бербейт деген жүйө менен Кыргызстандын жашылча-жемиштерин Орусиянын аймагына киргизбей койгон учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG