Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Орус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал


Орусиялык олигарх Роман Абрамович.
Орусиялык олигарх Роман Абрамович.

Евробиримдиктин жетекчилиги учурда бул маселени талкуулап жатканын Bloomberg өз булактарына таянып жарыялады. Талкууда аталган маселе биримдиктин бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан чечилери маалым болду.

Евробиримдиктин өкүлү Урсула фон дер Ляйен азырынча санкцияга тушуккан активдерди жүгүртүү токтотулганын билдирген.

Евробиримдик, АКШ жана башка айрым өлкөлөр Орусияга карата көптөгөн оор санкцияларды киргизди. "Кара тизмеге" орусиялык ондогон ишкерлердин байлыктары туш болду.

Алардын арасында "Роснефттин" ээси Игорь Сечин, "Транснефттин" башчысы Николай Токарек, ишкер Алишер Усманов, "Түндүкболот" компаниясынын ээси Алексей Мордашов жана Геннадий Тимченко сыяктуу ири миллиардерлер бар.

Bloomberg кабарлагандай, Италияда эле орусиялык олигархтардын 780 млн. евродон ашуун активи камакка алынган. Анын ичинде жеке учактар, яхталар, кыймылсыз мүлктөрү бар.

Ишкер Роман Абрамовичтин 99 учагына асманга көтөрүлүшүнө тыюу салыгган. Бирок бул учактар 2-мартта санкцияны бузуп, Орусияга жана Беларуска учканы маалым болду. АКШ өкмөтү муну сынга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG