Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Зеленский Орусияны маңыздуу сүйлөшүүгө чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-мартта Фейсбукка жарыялаган кайрылуусунда Орусиянын бийлигин жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.

Ал тынчтыкты көздөгөн, Украинанын коопсуздугун камсыз кыла турган "акыйкат жана маңыздуу" сүйлөшүүлөр Орусия үчүн өз катасынын кесепетин азайта турган "жалгыз мүмкүнчүлүк" экенин айтты. Украин бийлиги Орусия кол салганга чейин деле маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө басым жасап келгенин кошумчалады.

"Менин сөзүмө бардыгыңыздардын, өзгөчө Москвадагылардын кулак салышын каалайм. Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө жана адилеттикти орнотууга мезгил жетти. Антпесе Орусиянын жоготуусун калыбына келтирүү үчүн бир нече муун кетет", - деди Зеленский.

Орусия Украинага басып киргенине ишембиде 24 күн болду. Андан бери жүздөгөн жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. 19-мартта орус күчтөрү Украинанын бир нече жумадан бери курчоодо турган Мариупол шаарына кирип жатканы кабарланды.

Киев менен Москванын ортосунда буга чейин сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өттү. Тараптар сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышканы менен азырынча так макулдашуу боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG