Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

LG Electronics Орусиянын базарынан кеткенин жарыялады


LG Electronics компаниясынын логосу.
LG Electronics компаниясынын логосу.

Түштүк Кореялык LG Electronics Орусияга товарын сатпай турганын, орус базарынан кеткенин интернеттеги сайтында жарыялады. Турмуш-тиричилик техникаларын өндүргөн компания Украинадагы согуштан жабыркагандарга гуманитардык жардам берүүнү колдой турганын билдирүүдө.

Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана парфюм даярдоочу Estee Lauder Companies, белгилүү McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka, Marks & Spencer, Mango, H&M жана башкалар бар.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG