Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Өтмөк ашуусундагы чектөөлөр алынды


Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр алынды. Учурда бардык автоунаалар өткөрүлүп жатканын 19-мартта "Азаттык" радиосуна Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум чачып жатышат. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талабы сакталууга тийиш.

18-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, ашууда машиналардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолу райондорунда кар көчкү түшөрү күтүлүп жатканын жана жолдор тайгак болорун эскертүүдө. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG