Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 30 жыл болду


Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 30 жылдыгына карата орус президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровго куттуктоо катын жиберди.

"Бул аралыкта орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлге жетти. Мазмундуу саясий диалог жана түрдүү тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕАЭБдин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу чогуу аракеттенүүдө" деп жазылган куттуктоодо.

Орус президенти эки өлкө элинин жыргалчылыгы, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгы үчүн эки тараптуу мамилени чогуу өнүктүрүүнү камсыздай турганына ишеничин белгилеген. Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга - тынчтык жана бакубатчылык каалаган.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

2020-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард 257 миллион доллардан ашкан. Расмий маалымат боюнча Орусияда Кыргызстандан 600 миңден ашуун мигрант эмгектенет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG