Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Украинадагы согуш 112 өспүрүмдүн өмүрүн алды


Львовдогу бош бешик арабалар, 18-март, 2022-жыл.
Львовдогу бош бешик арабалар, 18-март, 2022-жыл.

Орусия Украинага басып кирген 24 күндүн ичинде 112 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 19-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө согуш башталгандан бери 140тай бала жараат алды.

Согушта каза тапкан балдарды эскерүү максатында бир күн мурда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аянтка 109 бош коляска коюлган.

Бириккен Улуттар Уюмунун 17-мартка чейинки эсебине ылайык, Украинада 24-февралдан бери кеминде 816 жай тургун мерт болду жана 1300дөн ашууну жараат алды. Бирок адистер согуштун бейкүнөө курмандыктарынын саны мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин эскертип келет.

БУУнун маалыматына ылайык, Украинада жайкын тургундардын көбү оор артиллериялык аткылоолордон, ракета чабуулдарынан жана аба соккуларынан каза таап же жарадар болуп жатат.

Согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Алардын 2 миллиондон көбү Польшанын аймагына өттү.

Орусиясынын чабуулдары негизинен Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү шаарларда тынымсыз уланып жатат. Баш калаа Киевдин айлана-тегерегинде орус армиясы өз күчүн топтоп жатканы кабарланып келет. Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени белгиленгени менен андан майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG