Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Украинадан 173 кыргызстандык кайтып келди


Прага аэропорту аркылуу мекенине кайтып жаткан кыргызстандыктар. 18-март, 2022-жыл. (Сүрөт Гази Бабаяровага таандык).
Прага аэропорту аркылуу мекенине кайтып жаткан кыргызстандыктар. 18-март, 2022-жыл. (Сүрөт Гази Бабаяровага таандык).

Украинадагы кырдаалдан улам ал жактан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо уланууда. Бул иштин алкагында бүгүн, 19-мартта Польшадан Бишкекке чартердик каттам менен 95, ал эми Чехиянын борбору Прага аркылуу 35 кыргызстандык жаран Бишкекке, 43 жаран Ошко учуп келди.

Бул Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ), Польша жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын "Фронтекс" агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттамы болду.

Прага-Стамбул-Бишкек жана Прага-Стамбул-Ош багытындагы каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди эл аралык Миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан Кыргызстандын 34 жараны өткөн. Эки үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан тынч жакка эвакуацияланып, азырынча Украинада калуу ниетин билдиришкен.

Жалпысынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардамдашты.

ТИМдин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери Кыргызстанга 528 жаран жеткирилди, анын ичинен 60тан ашууну Молдова жана Түркия аркылуу мекенине кайтып келген. Калгандары коопсуз аймактарда: Польша, Румыния, Венгрия, Словакия, Молдова, Германия жана Түркияда жайгашты.

19-мартка карата Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик алар менен байланышта, көпчүлүгү кетпей турганын билдиришкен. Согуштук аракеттерден жабыркагандар жок.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 3 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлады. (ZKo)

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш телефондору:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле Элчиликтин WhatsApp тобу;

Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG