Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ошто Орусияны колдогон акцияга мэрия уруксат бергени маалым болду


Бишкектеги Орусиянын элчилиги.
Бишкектеги Орусиянын элчилиги.

19-мартта Ош шаарындагы Токтогул паркында Орусиянын саясатын колдогон акция болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары колуна “Кыргызстан батыштын колониясы эмес!”, Биз Россия менен!”,”Биз мигранттар менен!”, “Батыштын саясаты элдин азабы”, “Россиянын коопсуздугу биздин коопсуздук” деген жазууларды кармап турду. Катышуучулар эки-үч саат туруп тарап кетишти.

Митингди өткөрүүгө Ош шаардык мэриясы уруксат бергенин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдков “Азаттыкка” билдирди:

“Булар Ош шаардык мэриясынан уруксат алыптыр. Ошон үчүн эч ким унчуккан жок. Алгач катышуучулар Орусиянын Башкы консулдугунун алдына митингге чыгууну каалаган. Бирок ага шаар бийлиги уруксат берген эмес”, - деди Замир Сыдыков.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерин токтотуу талабы менен пикетке чыккан. Аларды милиция кармап кеткен.

18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Динара Ошурахунованын иши каралды. Сот аны “Майда бейбаштык” беренеси боюнча актап, бирок "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча отурумду 25-мартка дайындады. Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартта карайт.(AAb/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG