Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Орусиянын Мариуполго катуу чабуулу уланды


Бомбаланган үйлөр. Мариуполь. 18-март, 2022-жыл.
Бомбаланган үйлөр. Мариуполь. 18-март, 2022-жыл.

Украинанын бир нече күндөн бери курчоодо турган Мариупол шаарына орус күчтөрүнүн чабуулу 19-мартта да уланды. Чабуул украин президенти Владимир Зеленский 19-мартта "Фейсбук" аркылуу орус лидери Владимир Путинге кайрылуу жасагандан кийин күчөгөнү айтылууда.

Орусиянын Украинанын шаарларын бомбалоосу дүйнөлүк коомчулуктун согушту токтотуу чакырыгына карабай жүрүп келет.

Мариуполдук милиционер Михаил Вершнин батыш өлкөлөрүнө видеокайрылуу жасап, "Карыялар менен балдар набыт болуп жатат. Шаар кыйрап, жер менен жексен болду" деп айтканын Associated Press жарыялады.

Орусиянын аскердик учактарыМариуполдогу эл баш калкалап турган театрды бомбалаганы эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эл аралык укуктарды сактоого чакырган.

Орусия Украинада добуштун ылдамдыгынан тез жетүүчү ракета колдонгонун шардана кылды. Кремль негизинен аскер обьектилери аткыланып жатканын айтканы менен, иш жүзүндө бутага жай тургундар алынып жатканы сындалууда.

Украинада орус күчтөрүнүн чабуулдары 24-февралдан бери уланып жатат. Соңку 24 күндүн ичинде Украинадагы согуш жүздөгөн жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрүн алды. Расмий маалыматтар боюнча согушта 112 бала каза болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө жер которууга аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG