Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Ички дүң өнүмдүн 35% мигранттар которгон акча түзөт


Москвадагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан мигранттардын жиберген акчасына көз каранды өлкө катары дүйнөдө 1-орунда турат.

"Былтыр биздин сыртта жүргөн мигранттарыбыз 2,5 млрд. доллар чамасында акча которушкан. Бул өлкөбүздүн ички дүң өнүмүнүн 35% түзөт. Быйыл эми Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга салынган санкциялардын ал жакта иштеген мигранттарыбыздын ишине, айлык акысына да терс таасири тиет. Ушундан улам, быйыл мигранттардын которгон акчасы 1,5 млрд. долларга чейин төмөндөйт деп болжолдоп жатабыз".

Эдил Байсалов Орусиянын экономикасындагы оор абалдан улам мекенине кайтууга аргасыз болгон мигранттар күтүлүп жатканын, аларды жумуш орду менен камсыз кылууга өкмөт аракет кыларын айтып, бирок мунун баары тез арада боло койбосун эскертти. Ал кайткан мигранттарды айдалбай калган жерлерди иштетип, ээн таштап кеткен үйлөрүнө кайтып, балдарына тарбия берүүгө чакырды.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 1 миллиондон ашык кыргызстандык иштейт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG