Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Нооруз күнү Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет

Ноорузду майрамдоо. Бишкек. 21-март, 2019-жыл.
Ноорузду майрамдоо. Бишкек. 21-март, 2019-жыл.

21-мартта Нооруз майрамын майрамдоо учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтынын, Эски аянттын айланасындагы көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет.

Борбор калаанын милициясы кабарлагандай, 21-март күнү саат таңкы 5тен 22-марттын саат 1ге чейин Чүй проспекти жана Абдымомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

Калган көчөлөрдө кыймыл кадимкидей жүрөт.

Бишкек шаардык милициясынын күзөт-кайгуул кызматы 20-марттан тартып, эки күн күчөтүлгөн режимде иштейт. Коомдук тартипке 6 миңден ашуун милиция кызматкери көз салат.

Мамлекеттик маанилүү мекемелер кайтарууга алынып, эл чогулган жерлерге көзөмөл күчөтүлөт. Мындан тышкары кайгуул кызматы шаардын бардык жеринде коомдук тартипке кам көрөт. Рейддер күчөтүлөт. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG