Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Украинада согуштан 115 бала каза болду


Львовдогу бош бешик арабалар, 18-март, 2022-жыл.
Львовдогу бош бешик арабалар, 18-март, 2022-жыл.

Украинадагы согуштук аракеттердин натыйжасында 20-мартка карата жалпы 115 бала набыт болуп, 140 бала түрдүү жаракат алды. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы таратты.

18-мартта согуштан өлгөн наристелердин саны 109 эле. Ал күнү Львов шаарында согушта балдарды өлтүрүүгө каршы акция өткөн. Анда тургундар шаардын борбордук аянтчасына 109 бош калган бешик арабаны символдуу түрдө апкелип коюшкан.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Украинада Орусия агрессиясынын натыйжасында 847 жай тургун набыт болгонун, 1399 адам жаракат алганын маалымдоодо. Ошол эле учурда чыныгы көрсөткүчтөр мындан да көп болушу ыктымалдыгы айтылууда.

20-мартта Харьков шаарында эл жашаган кабаттуу үйдү аткылоодон беш жай тургун набыт болгон. Алардын бирөө жаш бала экенин Харьков облустук башкармалыгынын өкүлү Вячеслав Марков "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Алардын 2 миллиондон көбү Польшанын аймагына өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG