Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

АКШ Болгарияга аскердик техника жиберет


АКШнын Stryker ротасы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын Stryker ротасы. Иллюстрациялык сүрөт.

НАТОнун чыгыш бөлүгүн бекемдөө максатында АКШ Stryker БТРи менен жөө аскерлерин Болгарияга жайгаштырмакчы. Бул тууралуу 19-мартта Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен Болгариянын өкмөт башчысы Кирилл Петков чогуу өткөргөн маалымат жыйынында айтылды.

"АКШ Stryker ротасын киргизүүгө макул болду. Бул биздин НАТОдогу өнөктөштөр үчүн күчтүү белги", деди Петков.

Жыйында АКШ аскерлеринин Болгарияда жайгашуусу боюнча кенен маалымат берилген жок.

Петков Болгария Украинага аскердик жардам берүүнү көздөбөсүн, бирок гуманитардык жардам жиберүү уланарын билдирди. Ал ошондой эле Болгария украин качкындарын кабыл алууга даяр экенин айтты.

Мурдараак президент Румен Радев Украинага курал берилбесин, муну менен өз өлкөсүн согушка кириптер кылгысы келбегенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG