Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Президент Садыр Жапаров Раззаков шаарына барат


Раззаков шаарындагы аэропорт. Лейлек району, Баткен. Декабрь, 2020-жыл.
Раззаков шаарындагы аэропорт. Лейлек району, Баткен. Декабрь, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Президент иш сапарында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.

Мындан тышкары облус борборундагы Ноорузга арналган майрамдык иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.

Исфана шаарын Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына атоо боюнча чечим кабыл алганын президент былтыр 25-декабрда, жыл жыйынтыктоочу сөзүндө билдирген.

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүү тууралуу мыйзамга мамлекет башчы 18-мартта кол койду. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.

Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG