Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Сел. Иллюстрациялык сүрөт.
Сел. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 18-мартта катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп кеткен. Натыйжада 569 үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган.

Ага байланыштуу мэр Эрнисбек Ормоков шаарга 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик техника даярдалат.

12-мартта Чаткал районунун Жаны-Базар айылында 1 миллион метр куб көлөмүндөгү кар көчкү үч сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган.

15-мартта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон чогулган суулар Чаткалдын Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 50дөн ашуун үйдүн короолорун каптап, бир үйгө суу кирип, 11ин суу каптоо коркунучу жаралган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG