Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Башкы прокуратура: Исаковдун Баткендеги видеосу боюнча текшерүү жүрүп жатат


 Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Башкы прокуратура журналист Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына чыккан видеодогу Баткендин Лейлек районундагы менчиктештирилген мүлктөр боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы менчикке өтүп кеткен имараттар жөнүндө үч видео жарыялады. Исаков “Азаттыкка” ал видеолор жөнүндө буларды айтты.

“Эптеп формалдуу кагаздарды жасап, сатып алышкан. Эми ошону коргоп калууга азыркы айыл жетекчилери, жаштары чыгып жатат. Айылдагы эң жакшы жерлердин баары мурунку жетекчилердин колуна өтүп кеткен”, - деди Исаков.

Ютуб каналында 250 миңден ашык катталуучусу бар журналист Ыдырыс Исаков өлкө аймактарын кыдырып, мыйзамсыз иштер жөнүндө айтып берет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG