Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Бишкекте гемодиализ алган бейтаптар митингге чыгышты


Бишкектеги митинг. 23-март, 2022-жыл.
Бишкектеги митинг. 23-март, 2022-жыл.

Бишкекте ар кайсы аймактан келип дарыланып жаткан, гемодиализге муктаж 50дөй бейтап мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын алдында акцияга чыгышты.

22-марттагы акцияда алар бейтаптар үчүн менчик ооруканаларга бөлгөн каражаттын суммасын көбөйтүүнү жана гемодиализ үчүн тендер жарыялабоону талап кылышты. Бул тууралуу бейтаптардын бири Айнара Какиева "Азаттыкка" кабарлады.

"Бизде кайсы мекемеден алганга тандообуз болуш керек. Экинчиден, биздин гемодиализ үчүн алган процедурабызга Медициналык камсыздандыруу фонду бөлгөн бааны 4700дөн 6800гө көтөрүп берүүнү өтүнүп жатабыз. Анткени биз менчик мекемелерден гемодиализ алабыз. Доллар, евро өсүп, азыркы суммага бизге керектүү материалдар келбей жатат. Анда бизге зарыл болгон дарылар жок болуп калуу коркунучунда турабыз", - деди Кайкиев.

Митингдин катышуучуларына президент Садыр Жапаров чыгып жолугуп, бейтаптардын өтүнүчтөрүн укту.

Аларга керектүү дары-дармектер үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнүп, Саламаттык сактоо министрлиги алып берип турган. 2021-жылдын июль айынан бери дары сатып алуу үчүн тендер улам кечеңдеп жатканын айтып келишет.

Бейтаптар жаңы сунушталып жаткан мыйзамда гемодиализ мамлекеттик сатып алууларга кошулуп калганына нааразылыгын билдирип жатышат.

Гемодиализ - бөйрөк оорусуна чалдыккандарды дарылоо процесси. Жабыркагандар аппарат аркылуу канын тазалатып турат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 миң 700дөй киши гемодиализге муктаж. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG