Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Шашылыш билдирүү: ӨКМ кар көчкү жана сел коркунучун эскертти


Иллюстрация сүрөт.Чаткал району. 14-март, 2022-жыл.
Иллюстрация сүрөт.Чаткал району. 14-март, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

28-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда күндүн жылышы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн дейт министрлик.

Кыргызстандын аймактарында акыркы эки жумада жамгыр, кар көп жаап, бир топ түйшүк жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү коркунучунан улам Оштун Кара-Суу районундагы Учкун айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолорго барчу жолдогу калың кар тазаланып, ал жактагы малга 400дөй боо чөп жеткирилген. Оштун Мырзаке - Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун 75-чакырымында кар көчкү жүрүп, унаа жолду жаап калган. Учурда жол бир тараптуу ачылганы кабарланды. 17-мартта Долон ашуусуна кар көчкү түшүп, жол эки күндөн кийин ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG