Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

УКМК Баткенде Чек ара кызматынын өкүлдөрү кармалганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалганын 28-мартта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылында жайгашкан автомашиналар өтүүчү “Кадамжай” көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги чек ара кызматкерлери товар ташыган айдоочуларды опузалап, пара алып жүргөнү аныкталды.

Жазык кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын тергөөчүлөрүнөн турган мекеме аралык тергөө тобун түздү.

Жалпысынан алты адам кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

Айыпталуучу тарап азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG