Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Казакбаев Германияда "Немис толкуну" радиосуна маек курду


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ушул күндөрү жумушчу иш сапары менен Германияда жүрөт.

Министр иш сапарынын алкагында "Немис толкуну" (DW) маалымат каражатына Украинадагы кырдаал, Орусияга салынып жаткан санкциялардын Кыргызстанга таасири, эмгек мигранттары жөнүндө интервью берген.

Руслан Казакбаев орус-украин мамилесинде Кыргызстан калыс позицияны кармана турганын, ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирген.

Министр Орусияга салынып жаткан санкциялардын таасири Кыргызстанга тийип, кесепетин дүйнөдөгү бир топ мамлекет тартып жатканын айткан.

Андан тышкары Кыргызстан тышкы саясатында Европа Биримдиги менен мамиле курууга өзгөчө көңүл бура турганын белгилеген.

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстан калыс позицияны кармана турганын билдирип келет. Президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияда экенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG