Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Фото журналист жарандык активистке каршы жазган арызын кайтарып алды


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Фото журналист Игорь Коваленко жарандык активист Айсулуу Кудайбердиевага каршы коомдук тартипти бузду деп жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Коваленко "Азаттыкка" билдирди.

Айсулуу Кудайбердиева дагы фото журналистке каршы жазган арызын кайтарып алат.

Буга чейин Кудайбердиева фото журналист ага каршы арыз жазганын, 28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин астына өткөн акцияда ал менен урушуп кеткенин айткан. Кудайбердиева өзү Коваленкого каршы арыз жазганын билдирген.

Фото журналист активистке каршы жазган арызын кайтарып алуусун "ал ойлонду деп ойлойм" деп түшүндүрдү.

28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өткөн.

27 жаштагы Айсулуу Кудайбердиеваны 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап, суракка чакыра баштаган. Ушул жылы февралда анын иши сотко өткөн. Айсулуу Кудайбердиева саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы катары белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG