Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Чаус: орус армиясы Черниговго сокку урууну улантты


Украинанын түндүгүндөгү Чернигов шаары, 12-март 2022-жыл.
Украинанын түндүгүндөгү Чернигов шаары, 12-март 2022-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын түндүгүндө жана баш калаа Киевдин айланасында чабуулдарын азайтууну убада кылганына карабастан сокку урууну улантууда. Бул тууралуу Украинанын түндүгүндөгү Чернигов облусунун губернатору Вячеслав Чаус 30-мартта билдирди.

"Кечээ орусиялыктар Чернигов жана Киев багыттарындагы чабуулдарын басаңдатарын жарыялашкан. Биз буга ишенебизби? Албетте, жок. Каршы тарап Чернигов аймагында "ишмердигин басаңдатканын" Нежин шаарына абадан сокку уруу менен көрсөттү. Түнү бою Чернигов шаарына сокку уруп жатты", - деди Чаус.

Буга чейин Улуу Британиянын чалгын кызматы Украинадагы согуш талаасында чоң жоготууга учураган орус күчтөрү өз түзүмүн кайра карап чыгуу жана керектүү каражаттар менен өзүн кайра жабдуу үчүн Орусияга жана коңшу Беларуска кайтууга аргасыз болгонун билдирген. Британ тарап Орусия жөө күчтөрүнүн азайган манёврларынын ордун толтуруу үчүн артиллериялык жана ракета аткылоолорун күчөтүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Орусиянын армиясы Украинанын түндүк аймактарындагы аскердик операциясын басаңдата турганын 29-мартта Стамбулда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин жарыялаган. Делегация өкүлдөрү бул сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылышкан. 30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергени оң фактор деп баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG