Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

БУУ: Украиналык качкындардын саны 4 миллиондон ашты


Польшага жер которгон украин жарандары. 27-март, 2022-жыл.
Польшага жер которгон украин жарандары. 27-март, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери чет өлкөгө качып чыккан украин жарандарынын саны 4 миллиондон ашты.

29-мартта түшкө маал жаңыланган маалыматка ылайык, украиналык качкындардын басымдуу бөлүгү же 2,3 миллиону коңшу Польшага жер которгон. 600 миңден ашыгы Румынияга, 387 миңи Молдовага жана 364 миң киши Венгрияга качкан.

"Орусиянын чабуулу башталгандан кийинки беш жума ичинде Украинадан чыккан качкындар 4 миллион болду. Жаңы эле Украинага келдим. Пайдасыз согуштун кесепети тийген жана андан улам жер которгон адамдарга жардамды күчөтүүнүн жолдорун жергиликтүү бийлик, БУУ жана башка өнөктөштөр менен Львовдо талкуулайбыз", - деп жазды Твиттерге БУУнун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, орус күчтөрү басып киргенден бери Украинанын өзүндө 6 миллиондон ашуун киши жер которууга аргасыз болду.

24-февралга чейин Украинанын Киевге баш ийген аймактарында жалпысынан 37 миллион адам жашаган Крым жана Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды кошкондо Украинанын калкынын жалпы 44 миллиондон ашат.

Шейшембиде Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген. Бирок Украинанын армиясы орус тараптын бул убадасы Киевди адаштырууну жана аскердик бөлүктөрдүн ордун жылдырууну гана көздөй турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG