Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кадамжайда айыл башчыларды бошотуу талабы айтылды


Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары, камалган айыл башчыларды бошотуу талабы менен бүгүн, 30-мартта Кадамжай райондук администрациясынын алдына чогулушту. Алар соттун адилет чечим чыгаруусун талап кылышууда.

"Териштирүү учуруна чейин сот бүгүнтөн калтырбай үй камагына чыгарып берсе жакшы болот эле. Энелер сыздабай, акыйкат издеген адамдар ыраазы болуп, бийликке ишеними артат эле. Азыр аларды атайылап кармап тургандай туюлуп, элдин кыжыры кайнап жатат. Эмнеге күнөөлүүлөр боштондукта жүрөт, ал эми айтып чыккандар камакта отурат. Ошону түшүнбөй жатабыз", - деди нааразылыкка чыккандардын бири.

Камрмалган айыл башчылардын жакындары бүгүн Бишкекке келген. Алар 24-мартта кармалган Жаңы-Жер айыл аймагынын төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл аймагынын катчысы Акжол Абдуллаевге карата козголгон кылмыш иши негизсиз болуп жатканын айтып, акыйкаттыкты талап кылып, Башкы прокуратурага кайрылышты.


Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштуруп жатат.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG