Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Кремл Украина менен сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Кремл орус-украин делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-мартта журналисттерге билдирди.

"Украин тарап [өз позициясын] коллективдүү түрдө баяндап, кагазга түшүрө баштады. Андан башка көптү убада кылган олуттуу жылыш болду деп айта албайбыз. Дагы көп жумуш жасалышы керек", - деди Песков.

Орусиянын делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский эки тараптын 29-мартта Стамбулда өткөн бетме-бет сүйлөшүүсүн "маңыздуу" деп мүнөздөгөн эле. Муну улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын жарыялаган.

Киев башка бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Ошондой эле Украина Москва 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралынын макамын аныктоо үчүн 15 жылдык консультациялык мөөнөттү да сунуш кылган. Песков Крым Орусиянын бир бөлүгү экенин айтып, жарым аралдын тагдырын Москва чечерин белгиледи.

29-мартта украин президенти Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айткан. Ошондой эле украиндер баёо эмес экенин, алар конкреттүү жыйынтыкка гана ишенерин кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG