Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бишкек мэриясы соцтармактарга байланыштуу катын түшүндүрдү


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык кызматкерлердин социалдык тармактарды колдонуу шарттары жазылган каты тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул документке мэриянын аппаратынын башчысы Азиз Садырбеков кол койгону, андагы шарттар сунуш катары гана берилгени айтылат.

“Бул сунуштар шаардык кызматтарга так эмес маалыматтардын таркатылышынын алдын алуу максатында жөнөтүлгөн. Андан сырткары мыйзам муниципалдык кызматкерлерге жогору турган кызмат адамын же органды ачык сындоого тыюу салат. Эгер бул жобо сакталбаса ал кызматкерге жумуштан алууга чейин чара көрүлөт”, деп жазылган түшүндүрмөдө.

Мунун алдында мэриянын катын жарандык активист Атай Бейшенбек уулу “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Анда муниципалдык кызматкерлерге социалдык тармактарда бийликти сындаган, жамандаган билдирүүлөргө жактыруу белгисин басып, пикир калтырууга болбой турганы эскертилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта президенттик аппараттын кеңешмесинде мамлекеттик орган-мекемелерден социалдык тармактарга жарыяланган кайрылуулардын баарына көңүл буруп, ыкчам жооп кайтарууну, чара көрүүнү тапшырган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG